“24.kg” маалымат агенттиги баарынан алдыда болууну чечип, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жыйыны башталгычакты “БШКга Дастанбек Жумабековдун колу коюлган Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу парламенттин кайрылуусу келди” – деген маалымат тараткан”, – деп жарылды Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Бирок, Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков мындай кайрылуу жөнөткөн эмес. Муну БШКнын жыйынында комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да тастыктап: “Жогорку Кеңештен сунуш түшкөн жок”, – деп билдирди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы журналисттерге кайрылып, маалыматты жарыялоодон мурун тактап алууну өтүнөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ