Menu

Каримовдун өмүр баянына уулу тууралуу маалымат кошулду

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Ислам Каримовдун расмий өмүр баянына өзгөртүүлөр киргизилди. Жакында эле түзүлгөн Ислам Каримов атындагы илимий-агартуу комплексинин сайтында анын эки кызынан башка дагы бир уулу бар экендиги жазылган.

Буга чейин расмий интернет булактарда Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу эч кандай маалыматтар болгон эмес. Алсак, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы Каримовдун өмүр баянында төмөндөгүдөй деп жазылган:

«Үй-бүлөлү, эки кызы жана төрт небереси бар. Жубайы Т. А. Каримова экономист, экономика илимдеринин кандидаты, Өзбекстандын Илимдер академиясынын Экономика институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенген. Учурда пенсияда».

Kun.uz сайтында Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу мындай деп жазылган: «Википедиянын маалыматы боюнча, Ислам Каримов биринчи жолу өткөн кылымдын 60-жылдары үйлөнгөн. 1969-жылы биринчи жубайы Наталья Кучма экөө Каримов Петр Исламович аттуу уулду болушкан. Кучма 2008-жылы Ташкентте каза болгон. Учурда Петр Каримов Орусиянын Москва облусунда жашайт».

Бирок президенттин расмий өмүр баянында анын биринчи никеси жана уулу тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Кийин Ислам Каримов Татьяна Каримова менен баш кошуп, эки кыздуу болушкан (1972-жылы Гүлнара Каримова, 1978-жылы Лола Каримова).

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, Петр Каримов Өзбекстандын Улуттук банкынын туунду бөлүмү эсептелген «Азия-Инвест Банк» башкармалыгынын төрага орун басары кызматында иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: