Чек ара кыйноосун жаратып, Кыргызстандагы кырдаалды туруксуздаштырууга, Алмазбек Атамбаевге элди тукурууга бел байлаган Нурсултан Назарбаевдин өзүнүн абалы оорлошо баштады. Ооба, бизде да ири ишкерлер, дыйкандар, ошол эле карапайым элибиз кыйналып атышат. Бирок алардын көпчүлүгү намыс үчүн Атамбаевдин айткандарын туура көрүшүп, сабырдуулук менен чыдашууда. Баарыбызга белгилүү болгондой, казак эли 30 жылдан бери Назарбаевге зорго чыдап келатышса, анан чек ара айынан аларда да экономикалык, социалдык, жадагалса күнүмдүк көртирликтин көйгөйлөрү курчуду. Мындай кырдаал ырбай берсе, акыры «баурдастардын» көтөрүлүшү менен аяктабайбы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ