Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
2-окууда сунуш кылынган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асель Кодуранова баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди толук кандуу координациялоону камсыз кылуу максатында мыйзамдын долбоорунда ыйгарым укуктуу органды аныктоо функциясын КР Өкмөтүнө берүү каралган. Ошондой эле, мыйзам долбоорунда адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү маселелеринде өтө маанилүү инструмент болуп саналган “адамдарды сатуунун курмандыктарын (АСК) башка жакка жиберүүнүн улуттук механизми» киргизүү сунушталат.
Ички иштер министринин орун басары басары Курсан Асанов мыйзам долбоорунун маңызы адам сатуунун курмандыктарына атайын макам берип, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүү экендигин чечмелеп берди.
Депутат Экмат Байбакбаев мыйзам долбоору адам сатуунун кесепеттери менен күрөшүүгө багытталгандыгын айтып, ал эми аны алдын алуу жаатында эмне иштер жүрүп жатканына кызыкты. Эл өкүлүнө Ички иштер министрлиги тарабынан алдын алуу иштери жана адам саткандардын жазаланышы боюнча жазуу жүзүндө маалымат берилмей болду.
Соңунда мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ