Menu

БУУнун өкүлү: Асаддын куралдуу жеңиши жеңилүүгө тете курмандыктарга алып келет

Бөлүшүү:

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө иштелип чыккан тынчтык макулдашуулары эмес, Сирия президенти Башар Асаддын куралдуу жеңиши Сирия менен Европаны сунниттик терроризмдин жаралуу чегине жеткирет. Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура “Гардиан” британ гезитине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, Асаддын сирия жаңжалындагы куралдуу жеңиши кийин узакка созулчу жана сириялыктардын өлүмүн уланта бере турган партизандык согушту жаратып, ал жеңилүүгө тете болгон курмандыктарга алып келет.

“Үч айдын ичинде «Ислам мамлекетине» кошулгандардын санын кыйла көбөйткөн мейиндик жаралат. Анан силер сирия көйгөйүн чечүүнүн саясий чечими болбосо аларды жеңе албай каласыңар»,– деп билдирди де Мистура.

Анын айтымында, «Ислам мамлекети» менен «Аль-Нусрага» каршы күрөштү күчөтүү боюнча Орусия менен АКШнын биргелешкен амалдарын кубаттоо зарыл.

“Бирок күрөш жүргүзүү менен жеңиш эки башка нерсе эмеспи. «Ислам мамлекетин» жеңүү үчүн силер өздөрүн жарандык укуктарынан ажыраган адамдар катары сезип жаткан сунниттерди да катыштырган саясий чечимди пайдаланышыңар керек. Бул дал Иракта болгон нерсенин өзү. Эгер сунниттик уруулардын укуксуздугун эске алсак, анда силер «Ислам мамлекетинин» лидери Абу Бакр аль-Багдади» өңдүү адамдар үчүн ачык мейкиндик түзүп аласыңар”, – деп белгиледи де Мистура.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: