Menu

Депутаттар демилгелеген Айтматов сыйлыгы түзүлүшү керекпи?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги КСДП жана “Ата Мекен” фракцияларынын айрым депутаттары Кыргызстанда жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык түзүүнү демилгелешүүдө. Аталган демилге учурда коомдук талкууга  коюлду. “Чыңгыз Айтматов” ордени  маданият, агартуу, илим, адабият жана искусство жаатындагы зор эмгеги үчүн, ар түрдүү маданий жана диний салттарды тутунган улуттар менен элдердин маданий мурастарын иликтөөгө жана сактоого, маданиятын жакындаштырууга жана өз ара байытууга кошкон чоң салымы үчүн, тынчтыкты жана достукту, мамлекеттер ортосундагы руханий байланыштарды өнүктүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлөрдүн жарандары сыйланат” деп жазылат маалыматта. Эске сала кетсек, буга чейин 2000-жылы Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы уюшулган. Андан соң, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы да түзүлгөн. Айтматов ордени түзүлүшү керекпи  деген суроо менен айрым жазуучу, чыгармачыл инсандарга кайрылып ойлорун уктук…

Абдылдажан Акматалиев,  академик, адабиятчы, Айтматов таануучу:

-Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымына байланыштуу мамлекеттик сыйлыкты уюштуруу маселесин Жогорку Кеңештин депутаттары өз учурунда көтөрүп жатышат. “Айтматов орденинин” болушун мен да толук колдойм. Чыңгыз Айтматов атындагы наамдар, сыйлыктар, стипендиялар, конкурстар болушу мыйзам ченемдүү. “Айтматов ордени” өтө жогорку статуста болушу керек. Менимче, бул сыйлык менен чет элдик жана республикалык атуулдар өздөрүнүн Эгемендүүлүк мезгилден кийинки Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндөгү эмгектери менен сыйланышы керек.“Айтматов орденинин” талабы жана критерийлери өтө бийик болсо, сыйлыктын кадыр-баркы да ошончолук жогору болот.

Мирзохалим Каримов, Кыргыз Эл жазуучусу:

-Айтматов орденинин пайда болуп жатышы өтө жакшы. “Манас” ордени, “Айтматов” ордени болушу керек. Бирок КМШ мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн 30 миң доллар өлчөмүндө акчалай каражаты менен кошо берилген эл аралык сыйлык бар. Буга чейин ал орденди Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев алган эле. Мына ошол эл аралык сыйлык менен азыркы депутаттар демилгелеп жаткан сыйлыкты бириктириш керек. Айтматов сыйлыгынан эки-үчөө болгон болбойт. Бир эле татыктуу сыйлык болушу зарыл. Бул жагын депутаттар кандай карап жатышканын билгеним жок. Ушул жагын эске алып, Айтматов орденин уюштурушса эң сонун болот.

 Абдыкерим Муратов, публицист:

-Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык, наам сөзсүз болушу керек. Мен өзү сыйлык, наам, орден-медалдардын болушун жактырбаган кишилердин катарына киремин. Бирок ушул Айтматовдун атындагы сыйлык негедир көңүлүмө төп келип туруп алды. Динамитти ойлоп тапкан Нобелдин атында сыйлык болуп жатканда гуманист-жазуучунун атындагы сыйлык неге болбосун? Анын жобосун жакшы иштеп чыгуу керек. Сөзсүз эл аралык сыйлык деш керек да, дүйнөлүк ири жетишкендикке жеткен ири гуманитар окумуштуу, жазуучу, маданий ишмерлер сыйлануусу зарыл. Бирок аны ким ыйгарат, акчасы кайдан чыгат – ойлоно турган маселе. Эптеп эле сыйлык аты бар кыла бергенде болбойт.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:

-Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык керек деп ойлойм. Балким “эл аралык”  деген статус берсе да туура болоор эле. Болгону сыйлыктын кимдерге берилиши керектигин так  аныкташса. Негизинен жаратмандарга берилгени туура болот го. Акын-жазуучуларга, композиторлорго, кино ишмерлерге, сүрөтчүлөргө берилсе ордун табабы дейм.

Афтандил Кадыркулов, Айтматов сүйүүчү:

Мамлекет – деген сөздүн баркын түшүнүшпөйт да ушу депутаттар. Айтматов орденин чыгарып жазуучунун деңгээлин түшүрүп, атын булгаштын кереги жок. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык жетиштүү. Чыңгыз Айтматовдун арбагын сыйлай турган милдеттүү шарттар көп. Мисалы, эмнеге түрк тилдүү мамлекеттер быйылкы жылды “Ч.Айтматов  жылы” деп белгилешти? А биздин мамлекет болсо, бул жылды “Ч.Айтматов жылы” деп атай алышпады.  Бул эмне  аңкоолукпу же трайбалисттикпи?

Мирлан АЛЫМБАЕВ 

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: