Жогорку Кеӊеш ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Ошондой эле, бул токтом аркылуу майрам күндөрүнө байланыштуу мурда кабыл алынган бир катар токтомдор жокко чыгарылууда. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, Жакында КР Президентинин «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө» Жарлыгы жарыяланып, анда Жогорку Кеӊешке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чарасы сунушталган.
Ушу тапта кыргыз парламентинде ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө максатында иштелип чыккан “КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору да каралууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ