Чек арада кезек күтүп турган жүк ташуучу унаалардын чыгымы беш күндө эле 180 миң долларга жетти. Мындай маалыматты экономика министри Артем Новиков таратты. Анын айтымында, айдоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Чек арада турган машиналар суткасына 1000 долларга жакын доллар чыгым тартууда.
Алсак, күйүүчү майга бир күндө эле 8,6 миң доллар, тамак-ашка 5 миң доллар, товарды өз убагында жеткирбегени үчүн айып пулга 10 миң доллардан кетип жатат.
Муну менен 5-6 күндө эле чыгым 200 миң долларга чукулдаган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ