Милицияга арыз менен жаран кайрылып, ушул жылдын 25-октябрь күнү белгисиз адамдар маршруткалардын биринен жабырлануучунун сумкасынан акча каражаты жана документтери салынган капчыгын уурдап кетишкендигин билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Кылмыштын изин суутпай Бишкек ШИИББдин кызматкерлери аталган кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон 1987-жылы туулган Ш.Э. аттуу жаранды кармашкан.
Андан сырткары, шектүүнү текшерүү учурунда жанынан «ORALE» жана «Самсунг» үлгүсүндөгү эки уюлдук телефондор табылган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Бишкек шаардык №1 тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ