Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин Армия — өлкөбүздүн эгемендигин коргоо үчүн мамлекеттин ишенимдүү тиреги

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Жолдош жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер!

Жолдош офицерлер жана генералдар!

Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен куттуктайм!

Биздин Армиябыз — өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн сактоо жана жарандарыбызды коргоо үчүн мамлекеттин ишенимдүү тиреги.

Акыркы жылдары Армияны материалдык-техникалык жабдуу, заманбап аскер техникалары жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырууда.

Аскердик башкаруу системасын жана куралдуу күчтөрдүн өз ара иш-аракеттерин өркүндөтүү жүрүп жатат.

Аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары улантылууда.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында аталарыбыздын даңктуу жолун жана аны уланткандарды терең таазим менен эстейбиз.

Биз Ата Мекенди коргоочулардын аскердик салттарын улантууга жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз.

Атуулдук менен аскердик милдетти абийирдүү аткарып жатканыңыздар үчүн сиздерге ыраазылык билдирем.

Чың ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: