Menu

Адистер энергетика тармагында көйгөй жаралбайт дешүүдө

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясынын №247-токтому чыгып, жылуулук берүү иши 17-октябрдан башталсын,- деп тескеме чыккан.  Бул тууралуу “Парламент” радиосунун түз эфиринде болгон Бишкек жылуулук тармактар ААК башкы директору Эркин Абдыкалыков күн жылуу мезгилде берилген жылуулук үчүн төлөмдөр күн сууктагы колдонулган тарифтерден айырмаланып турат, – дейт “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. Бул туурасында маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Чек арадагы абалга байланыштуу көмүр наркы көтөрүлүп кетти дегендер бар. Бирок, көмүрдүн өндүрүлгөн баасы акыркы 5 жылдан бери эч өзгөргөн жок. Анын сортуна жараша баасы кен чыккан жерде 1200-1300 сомдон. Айта кетиш керек, көмүр баасын тескей турган “Кыргызкөмүр” ишканасы эмес. Баа саясатына келгенде антимонополиялык ведомство жооп берет,- дейт ошол эле радиоуктурууга чакырылган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Надырбек Бекжанов.                       

Быйылкы кыз мезгилинде эл электр жарыгы боюнча көйгөй жаралбайт. Маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу Улуттук Энергохолдинг ААК башкармалыгынын төрагасынан биринчи орун басары Нурлан Садыков радиоугармандардын суроолоруна жооп берип. Ошондой эле ал, – жаңы конуштарды трансформаторлор менен камсыздоо иши бир гана энергетиктердин милдети эмес, бул жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип иш алып баруудабыз,- деп түшүндүрдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: