Эскерте кетсек, 31 октябрь Өкмөт тарабынан Суу Кодексине өзгөрүү киргизүү Жогорку Кенеш тарабынан жактырылды. Бул өзгөрүүнүн жыйынтыгына ылайык, канадалыктар, Кумтор кенинин «Давыдов» жана «Лысый» мөнгүлөрүнө алтынды казып алуу үчүн ар кандай манипуляцияларды жасашы толук мүмкүн. Ошентип, Кыргызстандын эн манилүү байлыктаринин бири суу ресурстары, бул мыйзамга ылайык, өлкөнүн кызыкчылыктары жактабай калат№
Дүйшенбек Зилалиевдин айтуусу боюнча, бул мыйзам төрт жылдан бери жылбай келет.
“Андан тышкары бул мөнгүлөрдөн эч нерсе калбай калган, ошондуктан жылдырууну туура көрдүк” – деп билдирди.
Жогорку Кенештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун айтуусу боюнча, мөнгүнү талкалоону каалап жаткандыктарынын себеби, алтынды казууну оной кылуу, – деп айтты.
Коомдук экологиялык «Мөнгү» Фондунун президенти Рустем Калыбековдун оюу боюнча, алтындан дагы мөнгү баалуу.
“Алтынсыз деле оокат кылсак болот. Биздин эн негизи байлыгыбыз бул суу, ошондуктан мөнгүлөрдү сактап калышыбыз керек. Туура экологиялык саясат жүргүшүбүз керек, деди ал.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ