Бүгүн, 4-ноябрда КР генпрокуратурасы КР президенттигине экс-талапкер, Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго каршы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (“Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо”) жана 299-беренесинин 1-бөлүмү (“Улуттар аралык кастыкты козутуу”) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кылмыш ишин козгоого Башкы прокуратура Бабановдун 28-сентябрда Оштун Он-Адыр айылында шайлоого үгүт жасап жатып сүйлөгөн сөзүн негиз кылып алган. Сиздерге ошол сөздүн видеотасмасын тартуулайбыз.
https://www.youtube.com/watch?time_continue=420&v=AB16ic9o6d0
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ