Menu

Таласта болуп өткөн митингде кабыл алынган чечим

Бөлүшүү:

2017-жылдын 3-ноябрында Талас шаарында болуп өткөн Талас облусунун тургундарынын митингинде кабыл алынган ЧЕЧИМ:

2017-жылдын 29-октябрында, Талас шаарында митинг болуп өтүп, төмөндөгүдөй талаптар коюлган: 1.”Таластыктар эл эмес” , “Эгер кайсыл бир талапкер үчүн 70% добуш берсеңер, анда референдум өткөрүп Казакстанга кошулуп кеткиле» жана «Таластагы бийликти колдобогондор Абыке, Көбөштүн тукуму» деген сөздөрү үчүн Талас элинен кечирим сурасын.

2. Кыргыз эли менен Казак элинин ортосундагы калыптанган достук мамилени жокко чыгарып, мамлекеттер ортосунда кастык мамилени орноткон А.Атамбаев Президенттик мөөнөтү бүткөнчө мурдагы мамилени жөнгө келтирсин.

3. Бажы тармагындагы коррупцияны тизгиндөө жана жоюу максатында ал тармакты тыкыр текшерип, Казак премьер-министри Б. Сагинтаев ЕАЭБ жыйынында айтылган сын пикирлерине жыйынтык чыгаруу жана күнөөлүү мамлекеттик кызматкерлерди кылмыш жообуна тартуу маселесин тез арада чечилсин. Айтылган талаптарды аткаруу үчүн митингке чогулгандар 3-ноябрга чейин убакыт беришкен. Тилекке каршы, элдин үнүн угуп, талаптарды орундатып, маселелерди чечүүнүн ордуна, Атамбаев өзүнүн катчысы аркылуу митингке катышкан элди «Бир ууч топ» деп атап, тукуруу сөзүн кайталады. Кыргыздарда, «Байды кудай ураарда дөөлөтүнө мас болот, ханды кудай ураарда өз элине кас болот» дегендей, ойлонулбай атылган сөздөрдүн айынан, элибиздин мээнети менен чогултулган миӊдеген тонна мөмө-жемиштер сыртка чыгарылбай жатат.

Бир жарым миллиондон ашуун жарандарыбыз Казакстанда, Россияда иштеп жүрүшөт, бир адамдын айынан иштеринен куулуп, кара тизмеге тургузулуп, камалып, депортация болушууда. Жети жыл башта Атамбаев Президент болсом Каркыраны кайтарам, Кумтөрдү элге иштетем деп убада берди эле, бүгүн Каркыра да жок, Кумөрдөгу элибиздин үлүшү 32% дан 26,6% га чейин кыскарды. Убагында Акаев, Бакиев уруксаат бербеген, бүгүнкү бийлик мөнгүлөрдү талкалоого жол ачты. “Эгер кайсыл бир талапкер үчүн 70% добуш берсеңер, анда референдум өткөрүп Казакстанга кошулуп кеткиле» деген сөзүн – СЕПАРАТИЗМ, «Таластагы бийликти колдобогондор Абыке, Көбөштүн тукуму» деген сөздөрү -ЭЛДИН АР-НАМЫСЫНА ШЕК КЕЛТИРҮҮ, ЭЛДИ БӨЛҮП-ЖАРУУ, Мөӊгүлөрдү талкалоого уруксат берүү – КЫРГЫЗ ЭЛИНИН, МАМЛЕКЕТИНИН КЕЛЕЧЕГИН ТАЛКАЛОО деп билебиз.

Урматтуу кыргыз эли, Баарыӊыздар бийлик бутактарынын (Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеӊештин, Соттордун ж.б.) абалын көрүп турасыздар. Өзгөрүү, өнүгүү болооруна эчкимдин ишеними жок. Өз тагдырыбызды өз колубузга алып, балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги үчүн жоопкерчилик алалы. Жогоруда айтылгандарды белгилөө менен митингдин катышуучулары төмөндөгүдөй чечим кабыл алабыз:

1. “Таластыктар эл эмес” , “Эгер кайсыл бир талапкер үчүн 70% добуш берсеңер, анда референдум өткөрүп Казакстанга кошулуп кеткиле» жана «Таластагы бийликти колдобогондор Абыке, Көбөштүн тукуму» деп айткан сөздөрүнө А.Атамбаев Талас элинен кечирим сурабагандыгы үчүн сотко берилсин.

2. 2017-жылдын 9-ноябрь күнү Бишкек шаарында жалпы республикалык Элдик Курултай чакыруу демилгеси колдоого алынсын. Элдик Курултайда карала турган маселелердин бирине, 2017-жылдын 29-октябрында Талас шаарында өткөн митингте кабыл алынган «Манас» резалюциясынын 2,3-талаптарын аткарбагандыгы үчүн А. Атамбаевдин жана мөӊгүлөрдү талкалап кен байлыктарды казууга шарт түзүп жаткан Жогорку Кеӊештин жоопкерчилиги кароо сунушталсын.

Талас ш. 03.11.17ж.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: