Menu

Ташкенттин мечиттеринде үн күчөткүч менен азан айтууга уруксат берилди

Бөлүшүү:

Ноябрдын башынан бери Ташкенттин бар катар райондорундагы мечиттерде үн күчөткүчтөр менен азан айтыла баштады. Жарандардын кайрылууларына байланыштуу акыркы 10 жылдан бери Өзбекстанда азан мечиттин ичиндеги адамдарга гана угулгудай айтылып келген.

Учурда азандын үнүн мечиттен 300-500 метр алыстыктан укса болоору кабарланууда. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, борбордон тышкары өлкөнүн Анжиян жана Фергана облустарында дагы үн күчөткүч менен азан чакырууга уруксат берилди.

Азырынча азан айтууда үн күчөткүч колдонууга бийликтин оозеки же жазуу жүзүндөгү уруксатынын бар-жоктугу боюнча так маалымат жок.

Ташкенттеги мечиттердин биринин кызматкеринин билдиришинче, имамдар азан айтууда үн күчөткүчтөрдү өз демилгелери менен колдонууда. Бийлик өлкө мечиттериндеги азан үнүнүн катуулаганы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Өзбекстанда 2 037 мечит бар. Аларда беш миңден ашык имам жана орун басарлары иштешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: