Menu

Бир күндө бир нече ирет авария болуп, ондон ашык адам ошол замат мүрт кеткен каргашалуу күн мурда болбосо керек…

Бөлүшүү:

Жалпысынан жыл башынан бери өлкөбүздүн аймагында 600дөн ашык адам жол-трансрорт кырсыктарынан каза болгондугу расмий маалыматтарда айтылууда. Бул адам өлүмүнүн саны согуш болуп аткан мезгилге барабар көрсөткүч. Бирок баарынан да бир эле Бишкек шаарында бир күндө бир нече ирет авария болуп, ондон ашык адам ошол замат мүрт кеткен каргашалуу күн мурда болбосо керек. 6-ноябрга караган танда борборубуздун Манас проспекти менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде үч машина кагылышып, андан беш адам каза болгондугу, бир айдоочу тирүүлөй күйүп кеткендиги бардыгыбызды таңкы уйкудан чочуп ойготкон. Андан көп өтпөй Бишкек-Ош трассасынын Таш-Көмүр шаарына жакын аймагында да оор жүк ташуучу машина менен кичи автобус кагылышып, он адамдын өмүрү кыйылды. Ал эми кечке маал Бишкек-Манас аэропорту жолунда да өтө каттуу ылдамдыкта бараткан машина даракты сүзүп, ичиндеги төрт адам мерт болду. Албетте, эн оболу айдоочулар өздөрү күнөөлүү денизчи. Анткен менен эгер ири мегаполистерде ушундай массалык адам өмүрү менен коштолгон авариялар болсо, анда тиешелүү жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн органдардын жетекчилери токтоосуз отставкага кетишмек. Ал эми бизде кайра кызматтан кызматка көтөрүлүп, сыйлыктан сыйлыкка татыктуу болушуп, үй алышууда…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: