Menu

Таластыктар “чоң казат” кандай болоорун көрсөтөт

Бөлүшүү:

Бийликтен кетерине аз калгандыгына карабай, президент А.Атамбаев акыркы сүйлөгөн “жалындуу” сөздөрүнүн биринде “Манасты” уккусу келбей ызы-чуу салган айрым таластыктарды Абыке, Көбөштүн тукумдары катары атагандыгы белгилүү. Демейде кыргыз элине ошол эле Манастан тартып, Чыңгыз Айтматовго чейинки баатырлар менен залкарларды берген кең көкүрөк, намыстуу таластыктар нааразычылык пикирин билдиришип, Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшкөн болчу. Бирок өздөрүнүн “Атамбаев бизден кечирим сурасын”,- деген талабы аткарылбагандыгы үчүн 3-ноябрда митинг өткөрүшкөн. Бирок президенттин аппарат башчысы А.Үсөнов “А.Атамбаев бир ууч таластыктардын атына жамынгандардан кечирим сурабайт…”,- деген билдирүүсүнөн кийин эми 9-ноябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында чоң митинг өткөрүп, “чоң казат” уюштурабыз деп турушат. Кыскасы, бийлик да, таластыктар да  “Биз А.Атамбаевден кызматтан кетсе да кечирим суратабыз…”,- деп өз пикирин бербей турушат. Деги араңдан зорго бутубузга туруп келатканда сөздүн артынан дагы бир ызы-чуу башталып кетпесе экен.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: