Жумгал районунун Арал айылындагы оор жүк тарткан унаалардын салмагын аныктоочу таразадан ашыкча жүктөлгөн көмүрлөр түшүрүлөт. Ал жердеги майда көмүрлөрдү элеп, кесектерин ташыган аралдык энелер үй-бүлөсүн кышка даярдап жатышат.
Айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жергиликтүү көзөмөл постунун жетекчилигине кайрылып, майда күлдү элеп, кесектерин алууга уруксат берүүнү суранышкан. Күн сайын араба, элек жана каптар менен постко барган энелер көмүр элоо менен алек. Алардын көмүр сатып алууга каражаты жок.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ