2017-жылдын 9-ноябрындагы КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин күбөлүгүнүн формасы жана текстти бекитилди, – деп билдирди КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү.
Кыргыз Республикасынын шайланган Президентинин күбөлүгү катуу кайыш менен капталган күрөң түстө 70х100 өлчөмүндө болот. Бардык жазуулар мамлекеттик тилде жазылган. Күбөлүктүн тышкы бетинде Кыргыз Республикасынын Герби тартылган.
2017-жылдын 30-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна добуш берүүнүн натыйжасын аныктап, шайлоочулардын 920620 же 54,22 пайыз добушун башкача айтканда шайлоочулардын теңинен көбүнүн добушун алган Жээнбеков Сооронбай Шариповичти Кыргыз Республикасынын Президенти деп аныктаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ