Menu

Жалал-Абадда жаштар жумалыыгы башталды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан Эркиндик аянтында областтык, шаардык бийлик өкүлдөрүнүн жана шаардагы окуу жайлардын студенттеринин, жаштар уюмдарынын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жаштар жумалыгынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул туурасында Жалал-Абад шаарынын маалыматтык борбору билдирди.

Бул жумалыктын негизги максаты – жаштардын патриоттуулук сезимин күчөтүү үчүн түрдүү иш-чараларды, интеллектуалдык жана спорттук мелдештерди өткөрүү, жаштардын социалдык активдүүлүгүн арттыруу, позитивдүү жашоого чакыруу – дейт ал.Шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаевдин  айтымында, областтык деңгээлде жарыяланган жаштар жумалыгын  Жалал-Абад жаштары алгачкылардан болуп баштаган, анткени бул жумалык Жалал-Абад шаарында үч жылдан бери өткөрүлүп жатат.

Жаштар жумалыгынын ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева жаштар күнү менен жалпыны куттуктап, шаарда болуп жаткан ар тараптуу өзгөрүүлөргө токтолуу менен жаштарды мындан ары да шаарды өнүктүрүүдө активдүүлүккө чакырды.

Жумалыктын ачылуу салтанатынын жүрүшүндө шаардагы бир катар окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда концерттик программа коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: