2018-жылдын тогуз айында Кыргызстандын эл аралык резервинин көлөмү 85, 85 миллион долларга азайды. Учурда ал 2 миллиард 90, 64 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.
Өлкөнүн резерви сентябрь айында 37, 2 миллион долларга кемиген. Бул Улуттук банктын доллардын наркын жөнгө салуу аракетине байланыштуу болду. Анда банк 19 миллион 650 миң доллар сатты. Белгилей кетсек, жыл башында эл аралык резерв 2 миллиард 220, 44 миллион сом болчу.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ