Menu

Чыныбай баарын чычалатты

Бөлүшүү:

Кечээ парламент Казакстандан келчү 100 млн доллардан баш тартууну карап, келишимди денонсация кылды. Бул маселеде дагы катылып жаткан көп сыр бар экен. Жакында эле амбициясын тыя албай спикерликтен кулаган Чыныбай Турсунбеков “студент” министр Артём Новиковду уят кылып, 100 млн доллардан баш тартабыз дегендердин баарын чычалатты. Чыныбай мырза өлкө бул тыйындан баш тартса кесепети болобу деген суроону Новиковго багыштаса, министр эч кандай кесепети болбойт деп жооп берди. Министрдин мындай жообунан кийин Чыныбай чыркыратып чындыкты айтып жиберди. “Биз бул каржыдан баш тартсак, анын ордуна башка каржы табышыбыз керек. Сиз ачык эле жалган сүйлөп жатасыз. Кесепети болот” деп жарылды. Таарынычтын айынан 100 млн доллардан баш тартып жибердик. Анын ордун кайсыл булак менен толтурарын Өкүмат акебиз тактай элек. Чыныбай Турсунбеков экология маселеси боюнча “Көк түтүн” деген ырын окуду эле. 100 млн долларды табабыз деп эми Өкмөттөн, айрыкча Новиковдон көк түтүн чыкпаса болду.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: