Menu

Эдил Байсалов: «Бабановго, жана башкаларга каршы козголгон ишке Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок»

Бөлүшүү:

— Эдил мырза, сиз Европа жана батыш саясаты тууралуу көп сөз кыласыз. Жаңыдан шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы резиденцияда өтүп, ага эч бир мамлекет башчысы чакырылбай турганын, бул демократиялык стандартка ылайык келет деп президенттин аппарат башчысы билдирүү жасады. Батыш жана Европа саясатын ала турган болсок, президенттин ант берүү аземине башка өлкөнүн президенттери чакырылабы?

— Жок, негизи мындай церемониялар өзүнчө эле өтөт. Мына жакында Шавкат Мирзиёевдин деле инаугурациясы сырттан келген делегациялары жок эле өткөн. Ошондуктан “чет өлкөдөн конок келген жок, инаугурация жараксыз же жаңы шайланган президенттин баркы жок” деп айтуу туура эмес. Мындай сөздү кимдир бирөө айта турган болсо, анын сөзү келжиректик болуп калат да, ал өзүнүн таарынычы чексиз экенин далилдейт. Бул өзүбүздүн ички суверендүү маселебиз. Ал сырттан бирөөнүн келиши же келбей коюшуна эч кандай тиешеси жок. Буга салыштырмалуу — ​инаугурация филармонияда же аянтта эмес, мамлекеттик резиденцияда болуп атканы эң көп нааразылык туудурууда. Мурунку президенттерден калган протокол менен эле филармонияда эле өтсө болмок. Мамлекеттик бийликтин туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн салттар өтө маанилүү. Эмне себептен быйыл резиденцияга көчүрүлүп атат? Кээ бирөөлөр УКМК “коопсуздукту камсыз кылып бере албайбыз” деп айткандарын кеп салып атышат. Мен түшүнө албай койдум, биздин мамлекетте Өкмөт ошол бир күн борбордо коопсуздукту камсыз кыла албаса, биз кандай өлкөдө жашап атабыз деги? Мындай Өкмөттүн жана коопсуздук структуралардын деги эмне кереги бар элге, ушул филармониянын тегерегинде тартипти орното алышпаса? Эсиңиздеби, Мьянмадан футбол курама командасы келиптир деп, килейген эл аралык матчты жокко чыгарышкандары. Анда «борбор стадиондо тартипти орното албайбыз” деп айткан бул Өкмөт. Азыр болсо мына филармонияга алы жетпейт экен бул кыйынсынган жаштардын. Мен билген көпчүлүктүн ою боюнча толук кандуу инаугурация так ошол Бакиев, Отунбаева жана Атамбаев ант берген залда, так ошол протокол менен өтүшү керек эле. Калың элдин каалоо-тилегин уюштуруучу комитет эске алат деген үмүттөбүз.

— Трамп ант берүү аземине атаандашы Хиллари Клинтонду чакырып, Клинтон күйөөсү менен келип катышпады беле. Жээнбеков дагы ант берүү аземине негизги атаандашы Бабановду чакырса, ал киши бара алабы?

— Хиллари Клинтон бармак деле эмес оппоненти катары. Ал күйөөсү, мурунку президент Билл Клинтонду протоколго ылайык коштоп барууга мажбур болгону үчүн эле барды. Биздин деле шайлоодо жеңилген оппоненти катары эмес, Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин депутаты, фракция лидери катары катышышы керек эле салтанаттуу аземге. Биз баарыбыз жакшы билебиз, ага каршы козголгон ишке болобу, башкаларына дагы Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок. Биз демократиялык шайлоо өткөзүү менен регионду гана эмес алыскы дүйнөлүк державаларды дагы таң калтырдык деп аябай сыймыктанып аттык эле. Ушул Бабановго иш козголуптур дегенди угаар замат дүйнөлүк пикир “бул тынчтык жол менен бийлик өткөзүү эмес” деп айтып чыгышты. Шайлоодо Жээнбеков жеңип, Бабанов жеңилди. Калк айтса, калп айтпайт! Эки чыгаан уул күчүн бириктирип, сүйүктүү мекенибизди өркүндөтүүнүн үстүндө иштешсин. Бабанов баш ийип берди, жалпы элибиз багынды Жээнбековго. Алдыга бастыралычы, артка карабай, бир жерде тыгылбай!

— Сооронбай мырза парламенттин тарашы боюнча андай негиз жок, саясий кризисти көрбөй турам деп айтты. Азыркы парламент менен жаңы президент жемиштүү иштеп кете алабы?

— Мен “парламент таркайт экен” деген ушактын булагын жана себебин дегеле түшүнө албай койдум. Ушунча жоош жана кол бакма парламентти каяктан таба алышат экен? Мына эми туруктуулук орноду дегенде кимдин деги кызыкчылыгында парламенттик шайлоону өткөзүү? Албетте, Сооронбай Жээнбеков андайга каршы болот. Таркатабыз деген ой болгон күндө дагы, 80 депутаттан көп өздөрү өздөрүн таркатчу чечимди колдоп берсе гана Жогорку Кеңеш таркайт. Менин көзүм жетпейт ушундай чечим өтөрүнө. Жаңы шайланган президент аябай эле ийгиликтүү иштеп кете алат деген ойдомун. Азыр баардык карт-бланш ал кишинин колунда. Солго барабыз десе, солго, оңго барабыз десе оңго. Жалпы элибиз шайлап бергенден кийин эбегейсиз ишенимдин мандаты колунда. Бул кредитти кандай пайдалана алат, баардык маселе ошондо. Мен жеке өзүмдүн атымдан айта турган болсом, баардыгыбыздын оюбуз азыр бир, жаңы жетекчибиз ак жолтой жана чечкиндүү болуп, элдин 54% эмес, 100%нын президенти катары, биримдигибизди бекемдеп, жалпы ынтымакты орнотуп, өнүгүү жолуна ылдам-ылдам элибизди ээрчите алса экен. Чукуламайдан чарчадык. Коңшулардан артта калдык, мен алыскы фантастикаларды айтпай эле коёюн! Адашып токтоп калган автобуста чыр көбөйөт. Мамлекетибиз туура жана чечкиндүү жетекчиликте болсо, элибиз 100% бийликти колдоп берет деген ойдомун.

— Казак-кыргыз чек арасы боюнча Жээнбеков маселе жакында чечилет деп ишенимдүү айтты. Жаңы президент боордош эл менен мамилени жөнгө салып кете алабы?

— Азыр дипломаттардын арасында тараган сөзгө ылайык, Сооронбай Шарипович «казак-кыргыз бир тууган” деген принципти жандатып жана тастыкташ үчүн, өзүнүн ишенимдүү жана чыгаан саясатчысын Астанага элчи катары дайындоосун Нурсултан Абишевичке сунуштаптыр. Бул албетте өтө жакшы жөрөлгө жана эң бир сонун колго аларлык демилге. Кандай болгон күндө дагы, жаңы жетекчи бул эл аралык мамилелерде дайыма жаңы барактан кайра баштачу шанс. Боордош Казакстан менен гана эмес, мамилебиз салкындай түшкөн Түркия жана алыстап кеткен Кытай менен дагы өтө активдүү кийлигиши керек, жаңы президент мамилелерибизди калыбына келтирүү үчүн. Бул жерде ийкемдүү болуубуз тийиштүү экенин жаңы президентибиз эң сонун түшүнөт. Биз касташып айтышпай, өнүгүп өсүшүбүз керек. Прагматизм негизинде улуттук кызыкчылыгыбызды ишке ашырбасак болбойт. Таарынып, көк беттенгенибиз жарабайт. Бизди башка бирөө соорото турчу киши жок. Дүйнө биз жок эле өнүгө берет.

— Коңшу Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Миромонович өлкөсү үчүн миллиарддаган инвестиция тартып, жаңы бурулуштарды жасап жатат. Биздин жаңы президентибиз дагы жаңы бурулуштарды жасай алат, өзгөчө феномен болот деп ишеним артсак жаңылыш болбойбу?

— Сиз айткандай, Мирзиёев дүйнөнү таң калтырган өтө чоң феномен боло алды. Ким ойлоптур 2003-жылдан бери үнүн чыгарбай, техникалык премьер-министр болуп иштеген кадр президент болоор замат ушунчалык динамика бере алат, мамлекетти 180 градус болбосо дагы, кыска мөөнөттүн ичинде саясатты кардиналдуу өзгөртүүгө барат деп. Өзбекстандын азыркы ийгилиги бул ошол жыйырма жылдын ичинде жабык чек аранын артында, импортту катуу чектеп өтө чоң индустриалдык база кура алгандарында. Ал жерде тартип дагы бекем, бийлиги дагы эффективдүү. Эң негизгиси 32 миллиондук ички рыногу бар. Биз азыр өзүбүздү Ташкент менен эмес, Душанбе менен салыштыра турган болсок — ​тажиктен артта калган жанды кейиткен, ичти күйгүзгөн учур. Тажик туугандар өз күчү менен дүйнөдөгү эң чоң плотинаны куруп коюшту. Эл аралык финансы чөйрөлөргө чыгып, оп-оңой эле 500 миллиондогон долларлык облигацияларын сатууда. Эми азыр баш калаанын борборунда Кытайдын миллиарддык жардамы менен эң сонун өкмөттүк комплексин курууда. Бизде болсо Ак үйдү курчап, соода борборлор ачылып атат, мамлекетчил адам жок, баардыгы жеке чөнтөгүн ойлоп калган. Чечкиндүүлүктү Сооронбай аке биринчи күндөн баштап көрсөтүп, жаңы-жаңы кадамдарга барышы керек.

Суроо салган

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: