Menu

«Республика-Ата Журт» фракциясы Ө.Бабановго каршы козголгон саясий кылмыш иши боюнча депутаттык комиссияны түзүүнү демилгеледи

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары бирдиктүү чечими менен фракциянын лидери жана президенттик шайлоонун эң негизги атаандашы Өмүрбек Бабановго каршы козголгон саясий кылмыш иши боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүүнү жаратты. Бул чечимди фракция мүчөлөрү Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабековдун атына жөнөтүштү.

Парламент депутаттарынын көпчүлүгү менен бекитилген депутаттык комиссиясынын түзүлүшү күтүлүүдө. Эскертсек, «Республика — Ата Журт» фракциясы Өмүрбек Бабановго каршы козголгон саясий кылмыш иши боюнча бирдиктүү кабыл алынган чечимин таратты.

Депутаттардын билдирүүсүндө, Өмүрбек Бабановдун Амир-Тимур (Он-Адыр) микрорайонунда сүйлөгөн сөзүндө мыйзамга каршы эч нерсе айтылбан жок жана укук коргоо органдарынын мындай аракеттери демократияга жана саясий эркиндиктин баркына залакасын тийгизүүдө.

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары укук коргоо органдарын жана Башкы прокуратураны бул ишти калыс жана кылдат кароого чакырды.

«Республика — Ата Журт» парламенттик фракциясынын Катчылыгы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: