Menu

Полиция Алматыда атышуу болгонун четке кагып, шектүүлөр кармалганын билдирди

Бөлүшүү:

12-ноябрь кечинде Алматыдагы «ыкчам иш-чаралардын» жүрүшүндө кылмышка шектүү эки киши кармалды. Бул тууралуу Алматы шаардык ички иштер департаментинен билдиришип, социалдык түйүндөрдө кабарланган атышуу тууралуу маалыматты четке кагышты.

Маалыматка караганда, жекшемби кечинде полиция унаалары шаардагы борбордук көчөлөрдүн бирин тосушкан. Басылмаларда атышуу болгондугу тууралуу билдирүүлөр пайда болуп, күбөлөрдүн сүрөттөрү менен видеолору жарыяланган. Бирок кийинчерээк полициядан атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын айтышты.

Жергиликтүү басылмалар Алматынын Ички иштер департаментинин басма сөз кызматына таянып, 12-ноябрда мекеменин кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Түштүк Казакстан облусунун 1994чү жана 1969-жылкы эки тургуну кармалганын кабарлашууда.

Полициядан билдиришкендей, шектүүлөрдүн автоунаасын текшерүү маалында жарык үндүү автомат, анын 30 огу жана аңчылык бычак менен бронежилет табылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: