Бишкек шаардык соту Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши боюнча мамлекеттик айыптоочулардын жана адвокаттардын аппеляциялык арызын карап жатат.
Отурум жабык эшик артында өтүүдө. Адвтокат Сергей Слесарев журналисттерге билдиргендей, айыпталуучу Алмазбек Атамбаев дагы сот жараянына катышуудан баш тартты.
«Аны сотко алып барышып, соттолуучулар кармалган айнек бөлмөгө жайгаштырууну талап кылышты, бирок Алмазбек Атамбаев отурумга такыр катышпай тургандыгын айтты. Андан кийин сот аны сот залынан чыгарып салган», – деди Сергей Слесарев.
Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарындагы абактан чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Россияга учуп кеткен.
Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ