Menu

Айнаш Токбаева: “Сөз – улуу, кудуреттүү жана таасирдүү курал!”

Бөлүшүү:

10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева судья Шерали Камчыбеков жана Жогорку соттун аппарат жетекчиси Маратбек Осмонкулов массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Ага өлкөдөгү алдыңкы гезит жана сайттардын, теле жана радиолордун башкы редакторлору келишти. Алгач, журналисттерге Жогорку соттун имаратында атайын экскурсия уюштурулуп, анын тарыхы жана азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди. Андан соң Айнаш Токбаева,  журналисттерди жакында болуп өткөн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап өттү. Өз сөзүндө Жогорку соттун төрайымы журналисттер коомдук пикирди жаратып жаткандыктан, далилдүү фактыларга таянып гана маалыматтарды берип турууга чакырды.

“Сөз – улуу, кудуреттүү жана таасирдүү курал! Ал адамдарды бириктире да алат, ажырата да алат. Учурда биздин өлкөнүн негизги жетишкендиктерибиздин бири – бул сөз эркиндиги. Бирок, эркиндик жоопкерчиликти, билимди дагы талап кылат эмеспи. Журналисттин негизги милдети – бул чындыкты айтуу, ал эми анын кантип айтканы – бул анын ыймандуулугуна, кесипкөйлүгүнө жараша болот. Кыргызстан үчүн тынчтык, туруктуулук, элдин ынтымагы баарынан кымбат. Андыктан  ар  бирибиз  өлкөнүн  келечеги үчүн жоопкердиктүү  бололу”, деп билдирди Айнаш Токбаева.

Жогорку соттун төрайымы  массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө “Алкыш” баракчаларды жана белектерди тапшырды.  Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформасы, сот тутумундагы ачык-айкындуулук туурасында кызыккан суроолорун Айнаш Токбаевага узатышты.  Жогорку  соттун төрайымы соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер кызуу жүрүп жаткандыгын белгилеп, электрондук сот өндүрүшүн жандантуу колго алына баштаганын айтты.  Соттордун иши  коомчулукка ачык-айкын болушу үчүн, сот иши жүрүп жатканда атайын аудио жана видео көзөмөл, ошондой эле Жогорку соттун өзүндө ишеним телефон  учурда ийгиликтүү иштеп жаткандыгын баса белгиледи. Квартал сайын судьялардын ишинин эффективдүүлүгүн баалоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын билдирди. Соттордун жоопкерчилигин кароо боюнча дисциплинардык комиссия дагы өз ишин баштагандыгын айтты. Алыскы аймактарда дагы соттордун имараты жаңыланып, бардык шарттар түзүлүп жаткандыгы белгиленди. Жогорку соттун өзүндө эле  учурда алты соттук отурум жүрүүчү залдар  иштеп жаткандыгы белгилүү болду. Ал эми  массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жогорку сот менен тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, сот реформасын алдыга жылдырууда өз салымдарын кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: