Menu

ЖКда Соцфонддун бюджетин кароодо бир катар олуттуу жагдайлар талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Ошону менен катар «КР Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Суроо-жооп маалында бир катар депутаттар социалдык фонддун бюджетинде өсүү бар экенин белгилешти. Депутат Умбеталы Кыдыралиев чет жерлерде иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын пенсияга чыгуу маселесин сурап, Түркия, Кореяда иштеп жүргөн мекендештерибиздин пенсияга чыгуусу боюнча эки өлкө ортосунда атайын келишимдер иштелип жатканын тактады. Өлкө аймагында жалпысы 10%ды түзгөн пенсионерлерге мамлекеттик бюджеттен каралган каражатты азайтуу маселеси боюнча дагы сөз жүрдү. Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров пенсиялык базалык бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланаары жана кепилденери мыйзамда белгиленгендигин баса белгиледи. Ошону менен катар бюджеттен каржылоону азайтуу боюнча “Таза коом”, “Жаңы доорго кырк кадам” долбоорлоруна сунуштар берилгендигин кошумчалады.

Депутат Кожобек Рыспаев Социалдык фонд тарабынан Профсоюз уюмуна 247 миллион сом бөлүнүп берилерин тактап, бул каражаттын жумшалышына ким көзөмөл жүргүзөөрүнө кызыкты. Маалыматка ылайык, аталган каражаттын каржыланышын КР Эсептөө палатасы текшерет.

Жалгыз жарым кары-картаңдар алган пенсиясына кантип күн көрүп жаткандыгына депутат Ирина Карамушкина тынчсызданды.

Жыйын жүрүшүндө мугалимдер менен врачтардын пенсиялары төмөндүгү, жашоонун керектөө минимумуна дагы жетпей жаткандыгы боюнча суроолор берилди. Депутат Наталья Никитенко жогорудагыдай социалдык кызматтарда жүргөндөр пенсияга чыкканда кандайдыр бир компенсациялык чараларды көрүшү керектигин белгиледи. Баардык маселе айлык акыга көз каранды болуп, андагы чегерүлөөргө байланыштуу болуп жаткандыгы жооп катары айтылды.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорлору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: