Menu

ИИМ: Шамбет Кубатбековдун кармалышы Талас шаарында өткөн митингге эч кандай тиешеси жок

Бөлүшүү:

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Таласта өткөн тынчтык митингдин уюштуруучуларынын бирин милиция кызматкерлери кармашты деген маалымат тарады. Анда, Шамбет Кубатбеков митингди уюштурганы үчүн кармалды деп айтылууда. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошол себептүү ички иштер министрлиги Шамбет Кубатбековдун кармалышы Талас шаарында өткөн митингке эч кандай тиешеси жок экендигин расмий түрдө маалымдайт. Анын кармалышы бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу фактысына байланышкан. Шамбет Кубатбеков ИИМдин транспорттук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматында иштеген кезде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонгон деп шектелүүдө. Мурда Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча транспорттук прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда тергөө амалдарын андан ары улантууга кылмыш иши Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кылмыш ишинин негизинде Шамбет Кубатбеков кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө-иликтөө иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: