Menu

Ысык-Көл облусунда мурда жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кашат айылында орун алган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул туурасында Ысык –Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында райондук милициянын нөөмөт кызматына Кашат айылынын үйлөрүнүн биринин алма багында киши колду болуп өлгөн 26 жаштагы жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар түшөт. Окуя болгон жерге барышкан ыкчам-тергөө тобу жансыз денеге кароо жүргүзгөн мезгилде баш сөөгүндө көптөгөн кан талаган тактар бар экендигин аныкташат.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97 -беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы факты боюнча күбөөлөрдүн айтмында, 17-октябрь күнү болжол менен саат 22:30 чамаларында маркум мас абалында айылдашынын (аял кишинин) үйүнө келип, эшигин ачуусун талап кылып, коркута баштаган. Балдары менен жалгыз болгон келин, мас айылдашынын коркутуусунан коркуп, ошол учурда Бостери айылында иштеп жаткан өмүрлүк жолдошу Русланга телефон чалып, тез арада келип калышын суранган.

Токтобой эшикти каккылап жаткан мас айылдашын, келиндин кошуналары Асанбек жана Нурбек аттуу адамдар келишип, аны токтотууга аракет кылышат. Болжол менен саат 24:00 чамасында үйүнө келген келиндин күйөөсү мас айылдашын үйүнүн жанынан кармап алып, бир нече жолу бетке уруп жибергенден кийин, белгисиз тарапка качып кетет. Бир суткадан кийин анын жансыз денеси алма бактан табылат.
Кылдаттык менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамдардын өздүгүн бир айдан кийин аныктоого үлгүрүшөт. Алар ушул эле айылдын тургундары 40 жаштагы К. Асанбек жана 31 жаштагы А. Алтынбек болуп чыгышкан. Аларга коюлган төгүндөлбөс далилдерден улам, күнөөлөрүн мойундарына алышкан.

Шектүү катары кармалышкан адамдар Ысык-Көл РИИБнин убактылуу-кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: