Menu

Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын Казакстан кайра билдирди

Бөлүшүү:

Казакстанда мурда аныкталган эрежелерди бузуудан улам Кыргызстандын сүт азыктарын чыгаруучу беш ишканасынын товарларын ташууга тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат агенттиктери өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянуу менен жазып чыгышты.

Андан сырткары министрликтен кыргызстандык эки ишкана өндүргөн айрым өндүрүмдөргө лабораториялык көзөмөл күчөтүлүп, өлкөгө кирген ар бир азык лабораториялык иликтөөгө жиберилип жатканын кошумчалашкан. Маалыматка караганда, Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык талаптарын сактабагандыгына байланыштуу 22-октябрда Тажикстандан Беларуска ташылып бараткан 60 баш жылкы жана кой кыргыз-казак чек арасынан кармалган.

Казак тараптын маалыматы боюнча, чек арада текшерүү күчөтүлгөн 10-октябрдан бери ветеринардык тармакта мыйзам бузулган 29 учур катталган. Ушул мезгил аралыгында он жети жолу өндүрүмдөрдү мыйзамсыз алып өтүү аракети болгон. Казакстан тарап тиешелүү чара көрүп, бир тобуна айыппул салган, айрымдары артка кайтарылган.

Казакстанга учурда өндүрүм ташуу укугуна ээ болгон 25 кыргызстандык компания бар. Анын он беши сүт азыктарын өндүрөт, сегизи балык, экөө эт азыктарын ташыйт.

Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын азыктарын өз аймагына киргизүүгө чек койгону өткөн аптанын соңунда белгилүү болгон.

Казак маалымат каражаттары жазгандай, коңшу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин мындай чараны Кыргызстандан талапка туура келбеген азыктар кирип жатканы менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: