Жакында өлкөбүздүн тунгуч президенти Аскар Акаев менен экс-ханайым Майрам Акаеванын удаа келген өздүк майрамдары болуп өттү. Ушул даталарга улай өлкөбүздүн Москвада окуган идиректүү жаштарынан жагымдуу кабар уктук. Көрсө, Москвада окуган тилбилги, зирек кыргыз студенттерине Аскар Акаевич ар убак колдон келишинче материалдык жардам көрсөтүп турары, айрымдарына стипендия берип турары да сөз болду. Кантсе да илимдин кишиси эмеспи, бул киши билим алуунун түмөн түйшүгүн түшүнүп, келечек муунга көмөк көрсөтүп турганынын өзү жакшы көрүнүш. Бир кездеги элден жыйнаганын ушинтип аз да болсо элге чачып, соопчулук иштерди көп-көптөн жасап турса, күнөөлөрүнөн деле арылат эле да, туурабы? Үй-бүлөсүндөгү Айдар менен Берметтин, өзгөчө Майрам апчебиздин катылган материалдык мүлктөрүн кошо чачып салса кана, атаганат?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ