Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдула ажы Сарыбаев Түркия мамлекетинин Анкара университетинин мугалимдери жана профессорлору Ахмет Недим Серинсу, Мехмед Аккуш менен жолугушуп, Кыргыз Республикасындагы, ошондой эле Түркия мамлекетиндеги диний кырдаал боюнча пикир алышып, терс диний агымдардын алдын алуу дин кызматкерлеринин башкы милдеттери экендигин баса белгилешти. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Муну менен катар тараптар такфиризм туурасында коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы бар экендигин белгилешип, карапайым калкты ыймандуулукка чакыруу керектигине токтолушту. Ал эми ушул эле күндүн экинчи жарымында Ахмет Недим Серинсу, Мехмед Аккуш шаардык казыяттын алдындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын окуу борборунун студенттери менен жолугушуп, Ислам дининде илим алуунун орду туурасында лекцияларын окушту. Ошондой эле шаар казысына диний баалуулуктарды камтыган кыргыз тилиндеги китептерди белекке берип, дин кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалашты.
Аталган жолугушуу ОшМУнун теология факультети тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниазали ажы Арипов жана теология факультетинин окутуучулары катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ