The Diplomat басылмасы Борбор Азия терроризмдин булагыбы деген суроого жооп издеген. Мындай суроо жакында эле Өзбекстандын жараны Нью-Йоркто теракт жасагандан кийин көтөрүлгөн.
«Аймактан чыккан адамдар чет өлкөлөрдө көп убакыт жүргөндөн кийин гана террористтерге айланып жатышат. Демек борборазиялыктардын эктремисттик топторго кошулуп жатканын түшүнүү үчүн аймактагы башкаруу формаларын же экономикалык абалды гана айтуу жетишсиз. Борбор Азия өкмөттөрү экстремисттик топторго каршы күрөшүүдө кыйла натыйжалуу аракеттерди көрүшөт. Андыктан маселе Советтик мурастын фонунда улуттук иденттүүлүктү издөө жана дүйнөдө терроризмге каршы күрөшүүнүн натыйжасыздыгында болушу мүмкүн», деп болжолдогон басылма.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ