22-октябрда Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси Түштүк Кореянын алдыңкы Инха университети менен билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол койду. Келишимге ылайык “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү бул университетте түрдүү стипендиялык программалар менен окуй алышат. Бул жагымдуу жаңылык «Сапаттын» мүдүрү Нурлан Кудайбердиевдин жасап жаткан иштеринин бир эле үзүмү. Чынында жыл өткөн сайын «Сапатка» болгон суроо-талап күчөп, аталган билим берүү мекемеси лидерликти бербей, башка окуу жайларга мыкты үлгү көрсөтүп келет. Албетте, мунун баары жетекчиликтин жеткиликтүү иштегенинен көз каранды эмеспи…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ