Menu

Кенжебек Арыкбаев, журналист: “Бар болгула, бардык доордун башкы фигуранттары!”

Бөлүшүү:

 ” – Многое происходит в мире положительного и отрицательного, крупного и мелкого. Но нет такого, что осталось бы вне зоны внимания СМИ… Порой мне думается, что СМИ – это некая программа от Бога в нескончаемом познании нескончаемой человеческой сущности. Но это так, к слову. А вообще журналист, безусловно, – это главный фигурант эпохи. Сейчас невозможно представить себе ни одного события в обществе без участия, точнее, соучастия, журналиста. Это фигура мирового масштаба – герой нашего времени, если хотите…»   (Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 2006-жылдын 7-июлунда «Комсомольская правда» гезитине берген маегинен)        

Журналистика бул – коомдун тамырын кармап, анын пульсуна баа берип туруучу кесип. Саясий ландшафттагы эң негизки күч, курал! Кезинде Францияны цивилизациянын жаңы дооруна бурган, жер планетасындагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири катары дүйнөлүк тарыхтын барагында жазылып калган Бонопарт Наполеон “үч армиядан үч гезит күчтүүлүк кылат” деген маанайдагы пикирин улуу император жөн эле текей оттоп жүрүп айтпаса керек.

Анан да дүйнөлүк революцияны жасап, ааламга жаңы системаны алып кирген жана орноткон  пролетариаттын атасы делген Ленин: “журналисттер – коомдун санитарлары” деген аныктамасын берип, “эгер журналистер болбосо коом ирип-чирип кетмек” дегеничи…

Так ушу жазма  ээлерин социалдык жана кесиптик жактан  коргоого алчу (1926-жылы  түзүлгөн)    дүйнө журналисттеринин башын бириктирген “Эл аралык журналисттер федерациясы”, электрондук жана  басма сөз ээлеринин укуктарын коргоо ишин жүргүзүп келе жаткан (1945-жылы түптөлгөн)  “Журналисттердин Эл аралык бирикмеси”, (1984-жылы) түзүлгөн “ Журналисттердин эл аралык борбору”, “ Чек арасыз репортерлор” атуу дүйнөлүк масштабдагы  бирикмелер жөн жеринен түзүлбөгөн чыгаар.

Азыр дүйнөнүн  дээрлик аймагында маалымат саясаты күч алып, “маалымат согушу” андан да ашып, казанда кайнап жаткан эттей  болуп боркулдап жаткан учур. Мисалы Россия айрыкча 2000-жылдан тарта өздөрүндөгү ММКларды  (дээрлик баардыгын десек да болот) бир муштумга бириктирип, Россия федерациясын ар убак, ар качан идеологиялык жактан коргоп туруучу  чеп, сепил кылып салды. Аталган мамлекеттин борбордук бийлиги журналистика тармагын моралдык да, финансылык да жактан сүрөп олтуруп  ушу тапта алар ааламдагы Би-Би-Си, “Радио свобода”, СNN  деген сыяктуу алптар менен тең таймашкан деңгээлге чыгаруунун алгачкы жетишкендиктерин жаратууда.

А биздечи? Айрыкча эгемендик алгандан берки соңку мезгилдерде, апрель кандуу төңкөрүшүнөн кийин өлкөбүздөгү “өзгөчө” өзгөрүлгөн саясий конфигурациядан уламбы, же бийлик олимпиндеги көз караштардын “деңгээлиненби”, айтор бийлик небоскребиндегы кетип жаткан каталарды бетке айткан ММКларды өзүнчө, “беркилерине” өзүнчө мамиле кылгандай туюм жаралып, натыйжада, Кыргызстандагы журналистиканы эки лагерге бөлүп салгандай абал өкүм сүрүп барат…

Ырас, демократиянын эң башкы принциптеринин бири  бул– сөз эркиндиги. Сыртынан караганда анын баардык эрежелери бизде сакталып тургандай. Бирок, ошондой көрүнгөнү менен, бир кездерде, авторитардык доордон  кабар берген  каардуу элестердин бири катары Павлюктай кылып ачык “күм-жам” кылбаса да, өлкөдөгү көз карандысыз журналистиканы “кебез менен мууздагандай “жылма саясат” жүрүп жатканын “баррикаданын” көз карандысыз жээгинде жүргөндөр жакшы эле сезип жатат.

Сын айтуу- бул жамандоо эмес! Бийлик тактысына кимдер гана келбеген. Алтын  жамынган нечендеген хандар, жер жүзүн дүңгүрөткөн  падышалар өткөн бу дүйнөдөн. Анан калса,“Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет эл калат” дегендей учур-сааты келгенде азыркылар деле кетет. Бийликтин төрүндө түбөлүк түркүк болуп калчу эч ким жок. Кеп, андан кийин ошол экстерге болгон элдин мамилеси жана эл оозунда алар тууралуу кандай сөздөр менен айтылып калганында…

Бул ойлорум тек соңку учурларда мамлекетибизде өкүм сүрүп жаткан ар кандай коомдук-саясий кырдаалдардан улам айтылып кеткен пикир. Негизи айтайын дегеним: бүгүн 3-май, журналистердин Эл аралык күнү! Ушундан улам Кыргызстандагы жана Кыргызстандан тышкары жакта өздөрүнүн журналистик миссияларын аткарып жүргөн эң оор, татаал жана кызыктуу кесиптин ээлери болгон кесиптештеримди профессионалдык күнү – майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Ылайым бар болгула, төртүнчү бийликтин ээлери, алп жазуучу Айтматов белгилегендей бардык доордун башкы фигуранттары!                                                

Кенжебек Арыкбаев, Кыргызстан журналистер Союзунун сыйлыгынын ээси, КРнын маданиятынын отличниги. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: