Президенттикке талапкер Садыр Жапаров үгүт кампаниясына каражат коротуу боюнча талапкерлерден алдыда келатат.
Ал Баткен облусунда шайлоочулар менен жолугушуп жатканда шайлоо фондуна каражаттар кайдан келип жатканын айтты.
“Бардыгы элден, карапайым калктан келип жатат. Пенсионерлерден келип жатат. Ушул балага жардам береличи деп пенсиянын көтөрүп келип тапшырып жатат” – деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, 18-декабрга карата баарынан көп каражат Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна түшкөн – 47 млн 404 миң сом (587 миң доллардын тегереги). Каражатты сарптоо боюнча да ал талапкерлердин арасында биринчи орунда турат – 43 млн 720 миң сом. Таблицага караганда, каражат негизинен үгүт материалдарына (баннерлерге, баракчаларга, видеороликтерге жана материадарды ЖМКларга жайгаштырууга) жумшалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ