Menu

Тазабек Икрамов: “Бишкек шаарында деле балдардын эсеби аз мектептер бар”

Бөлүшүү:

“Бишкек шаарындагы №9, 13, 23, 24, 26 сыяктуу  бир топ мектептерде окуучулардын саны нормадан ашыкча болгондуктан, кошумча корпустарды куруу зарылчылыктары жаралууда. Аны Жогорку Кеңештин Социалдык саясат, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топ аныктап чыккан. Ал боюнча парламенттин тиешелүү токтому да кабыл алынган. Бул тууралуу ошол жумушчу топтун курамында иштеген Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 16-ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди”, – деп маалымдайт ЖК басма сөз кызматы.

Бирок, эл өкүлүнүн айтымында, кошумча имараттарга муктаж болгон мектептердин айрымдары гана курулуучу объектилердин тизмесине кирбесе, басымдуу бөлүгү көмүскөдө калган. Ошол эле мезгилде Бишкек шаарында туруп, имараты чоң, бирок ага тартылган окуучулардын саны аз мектептер дагы бар экен. Айталы, ал №14-мектеп. Мындай учурда мектептин статусун жогорулатып, лицей кылып кайра түзүү сунушу көтөрүлгөн. Ошондо ал жакта көп класстар бош турбай, имарат толук кандуу пайдаланылмак,- деди Т.Икрамов.

Ар бир мектептерде медициналык кызматкерлер менен аймактык инспекторлордун бир өкүлү милдеттүү түрдө иш алып барсын деген талап камтылган токтомдун да жыйынтыгын сурап, так жообун ала алган жокпуз,- дейт парламентарий.

Мектептердеги каражат жыйноону тизгиндөө шарттары да айтылып, мектеп директорлорун 6 жылда бир ротациялап туруу сунуштары берилген. Бирок, аны этибарга албаган жооптордон көңүл калды,- деди Т.Икрамов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: