Белгисиз адам Ош шаарындагы бала бакчалардын биринин имаратына кирип төрт жаштагы наристени зордуктоого аракет кылыптыр. Аны Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүнүн дайын-дарегин ачыкка чыгарыша элек. Баарынан кызыгы бала-бакчанын жетекчилигинин шалаакылыгы ичти күйгүзөт. Эмнеге бейтааныш адамдар наристелер тарбияланып жаткан жайда ээн-эркин кирип-чыгып жүрүшөт? Балдардын коопсуздугуна жооп бериши керек да. Ошол бала-бакчанын жетекчилигине шалаакылык боюнча кылмыш ишин козгош керек. Башкаларга сабак болсун.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ