Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси боюнча жана БУУӨП менен Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу башкармалыгынын көмөгү менен бир катар бюджет долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттер менен адистер, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Парламенттик угууда төмөнкү бюджет долбоорлору талкууга алынмакчы:
1. «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору.
2. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору.
3. «КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ