Menu

“Аборт кылуудан баш тарткан”: Аксыдагы кайненеси менен келинди өлтүрүп кеткен кылмышкер кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад ОИИБнин жана Аксы РИИБнин ыкчам кызматтары тарабынан Авлетим айыл өкмөтүнүн айылдарынын биринде катталган оор кылмыш ишинин бети ачылды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 14-ноябрь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында милицияга оор жаракат алган үйдүн ээси менен келининин жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүндөгү окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, киши колдуу болуп өлгөн эки аял кишинин жансыз денесин табышкан. Маркум аял кишилердин өздүгү такталып, алар окуя болгон үйдүн 1965-жылы туулган С.К. жана 1991-жылы туулган К.А. аттуу келини болушканы аныкталган. Маркумдардын денесине оор жаракат келтирилген.

Андан сырткары, белгисиз адамдар тарабынан үйдүн кожейкесинин кызынын денесине дагы оор жаракат келтиришкен. Бирок ал тирүү калып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, үйдүн башка бөлмөсүндө эки жаштагы кыз менен жарым айлык бала бар болгон. Алар уктап жатышкан.

Жогорудагы факты боюнча Аксы РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) менен 28-97-берененин (адам өмурүнө кол салуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул оор кылмыш ишинин бетин ачуу жана кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө ишин жүргүзүү үчүн ыкчам-иликтөө кызматы түзүлүп, ага Жалал-Абад ОИИБнин жана Аксы РИИБнин тажрыйбалуу кызматкерлери кирген. Тергөө учурунда аталган кылмыш иши боюнча ар кандай ойлор айтылып, тоноо максатында дагы аталган кылмыш ишине барышы мүмкүн деген бүдөмүк ойлор айтылган.
Иликтөө ишинин негизинде жакынкы үйлөрдүн жашоочулары суралып, үйлөрү текшерилип чыккан. Тиешелүү экспертизалар дагы дайындалган. Үй кожейкелери тууралуу бардык маалыматтар дыкаттык менен текшелирген. Ыкчам-иликтөө мүнөздөгү иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмыш ишине жергиликтүү тургундун тиешеси бар экендигин аныкташып, 1988-жылы туулган А.Б. аттуу ушул айылдын жашоочусу кармалды.
Маалымат боюнча, кылмышка шектүү биринчи үйдүн ээсинин кызын эшикке чакырып, денесине оор жаракат келтирип, катуу нерсе менен сабап салган. Андан соң, үйгө кирип барып кыздын энеси менен келинине оор жаракат келтирген. Алган жаракаттарынан алар ошол жерден мерт кетишкен. Шектүүнүн үйүн текшерүү учурунда кандын тактары бар кийими жана буюмдар табылган. Кылмыштын изин жашыруу максатында аларды тазалоого аракет кылган. Кандын тактары шектүүнүн уунасынан дагы табылган.

Тергөө учурунда шектүү үйдүн ээсинин кызы менен жакшы тааныш болгон жана боюнда бар экендигин билип, баладан кутулууну талап кылганы маалым болгон. Бирок, кыз ичи чоңойуп калганына байланыштуу, каршы чыккан. Шектүүнүн үй-бүлөөсү бар болуп, 3 ай мурда эле үйлөнгөнү такталган. Окуя болгон күнү “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаасын үйдөн алыс токтотуп, кызды чакырып, жогорудагы маселени козгогон.

Азыркы учурда кыздын абалы оор. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: