Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова таажывирусу жуктуруп алган жарандардын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу айтты.
Анын айтымы боюнча, таажывирусун жуктуруп алган 44 адам ооруканаларда дарыланып жатышат.
“Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы Сузактык бейтаптан тышкары, жаш балдардын жана чоңдордун абалы канаттандырарлык” – деп билдирди Айнура Акматова.
Учурда Кыргызстан боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны – 44 Алардын ичинен:
– Ош облусунда – 20 адам
– Жалал-Абад облусунда – 19 адам
–Бишкек шаарында – 3 адам
–Чүй облусунда – 1 адам
–Баткен облусунда – 1 адам
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ