Menu

Кайнене менен келиндин өлүмү: Кылмышкерди таш бараңга алууну талап кылгандар митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндө кайнене менен келинди өлтүрүүгө шектүү деп кармалган адамды өздөрү жазалоону талап кылып жергиликтүү тургундар митингге чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 17-ноябрда Аксы РИИБдин имаратынын алдына 50дөн ашык адам чогулуп, адам өлтүрүүгө шектелип кармалган адамды элге көрсөтүүнү талап кылышкан. Алар кармалган адамды катуу жазалоону жана өлүм жазасына тартуу керектигин айтышып, бул ишти акыйкаттуу териштирүүнү талап кылышкан.

Өз кезегинде милиция кызматкерлери учурда териштирүү иштери кылдаттык менен жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, шектүүнү көрсөтүүдөн баш тартышты.

Буга чейин Авлетим айыл өкмөтүндө кайнене менен келинди өлтүрүүгө шектелип 30 жаштагы адам кармалгандыгы маалымдалган.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 14-ноябрында саат 11:00 чамасында милиция кызматына Авлетим айыл өкмөтүндөгү үйдөн үй ээлеринин жансыз денелери табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар эки аялдын жансыз денесин табышкан. Алардын өздүгү аныкталып, үйдүн кожойкеси — 1965-жылы туулган С.К жана анын келини — 1991-жылы туулган К.А. экени аныкталган. Мындан тышкары, үйдүн ээсинин кызы да табылган. Белгисиз кылмышкер анын денесине оор жаракат келтирген. Кыз оор абалда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген болчу. Үйдө дагы эки бала — 2 жаштагы бала жана 1,5 айлык наристе уктап жатышкан.

Аталган факты боюнча Аксы РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (мыкаачылык менен адам өлтүрүү), 28-97-беренеси (адамга өлтүрүү үчүн кол салуу) менен кылмыш ишин козгоду. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБ менен Аксы РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлери ыкчам чараларды көрүп, шектүүнү аныкташкан. Ошондой эле, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экпертизалар дайындалды.

«Тергөө иштеринин жүүрүшүндө үй ээлери менен мүмкүн болгон байланыштардын бардыгы текшерилген. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аялдардын өлүмүнө жергиликтүү тургундардын биринин тиешеси бар экендигин аныкташты. Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары ошол эле айыл аймактын 1988-жылы туулган тургуну А.Б. колго түшүрүлдү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү алгач үй ээсинин кызын короого чакырып, катуу буюм менен чапкан. Андан кийин ал үйгө кирип, ичиндеги аялдардын денесине залал келтирген. Алган жаракатынан улам үй ээси жана анын келини ошол жерде көз жумган. Кылмышка шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кандын тактары бар кийимдер жана башка буюмдар табылды. Ал тактарды жууп кетирүүгө аракет кылган. Ошондой эле, шектүү кылмыштан кийин качкан унаанын салонунда кандын тактары болгондугу аныкталды.
Шектүү буга чейин үй ээсинин кызы менен тааныш болгон. Үй ээсинин кызы андан кош бойлуу болуп калганын билип, боюнан алдырууну талап кылган. Бирок түйүлдүк чоңоюп калгандыктан кыз баш тарткан. Белгилүү болгондой, шектүү жаран А.Б. үй-бүлөлүү, 3 ай мурун үйлөнгөн. Ошол күнү ал «Тойота-Камри» унаасын алысыраак жерге токтотуп, кыз жашаган үйдүн короосуна кирген. Кызды чакырып, ошол маселе боюнча сүйлөшкөн», – деп айтылат маалыматта.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, учурда жабыр тартуучунун абалы оор бойдон калууда. Маалымдалгандай, кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

Булак: “Турмуш”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: