Menu

«Ыйман, адеп-бир бутак» конкурсунун жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды

Бөлүшүү:

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргыз Туусу басма үйү 2017-жылдын 2-октябрынан 31-октябрга чейин республика аймагындагы мектеп арасындагы жаш жазуучулардын жазуу чеберчилигин арттыруу жана алардын ыйманын, адебин, мекенге болгон сүйүүсүн  жогорулатуу максатында уюштурган «Ыйман, адеп-бир бутак» аттуу  конкурсунун жыйынтыгын жарыялайт. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Конкурска жалпысынан республика боюнча 100гө чукул окуучулардын поэзия жанрындагы чыгармалары келип түшкөн. Ал эми булардын ичинен комиссия мүчөлөрү жобого ылайык 5 поэзия жанрындагы чыгарманы тандап алып, алардын ичинен 2 чыгарма жеңүүчү деп аныкталды.

«Ыйман, адеп-бир бутак» аттуу  конкурсунун жыйынтыгы боюнча:

1-орунга Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айылындагы №81 мектебинин 11-классынын окуучусу Сайтбек уулу Бактияр ээ болду.

2-орунга Жалал-Абад шаарындагы №14 мектебинин 11-классынын окуучусу Саякова Мээрим татыктуу деп  табылды.

Эскерте кетсек, Ыйман, адеп жана маданият жылына карата үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргыз Туусу басма үйү мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн өркүндөтүү, мектеп арасындагы жаш жазуучулардын адабий көркөмдүктө жазылган чыгармаларын жайылтуу, жаштарды туура жолго багытоо менен мекенге, ата-энеге болгон сүйүүсүн жогорулатуу, коомчулукту биримдикке, достукка, ынтымакка чакыруу жана жаш жазуучулардын калемдерин курчутуп, алардын жазган чыгармалары аркылуу жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, боорукерликке жана ынытмакка үндөө максатында мектеп окуучулары арасында «Ыйман, адеп-бир бутак» аттуу  конкурсунун жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: