Бүгүн, 21-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызмат ордуна Толкунбек Абдыгуловду дайындоо жөнүндө маселени карашты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган маселе боюнча КР премьер-министри Сапар Исаков баяндама жасап, сунушталган талапкер боюнча маалымат берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында КР вице-премьер-министри кызмат ордуна Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги жактырылды.
Белгилей кетсек, мурда вице-премьер-министр кызмат ордун Дүйшөнбек Зилалиев ээлеп турган, ал эми Т.Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр кызматында турган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ