Menu

Атамбаев Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү үйлөрдүн ачылыш аземине катышты

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 21-ноябрда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы  ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү үйлөрдүн ачылыш аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө  милиция кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, жаңы үйлөрдүн ачылышы  аны үчүн майрамдык өзгөчө окуялар экендигин белгилеп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир нече үй салынгандыгын эске салып, декабрь айында  Ош шаарында  милиция кызматкерлери үчүн 200 батирлүү үйлөрдүн курулушу аяктаарын кошумчалады. “Мындай иштер Өкмөт жана кийинки Президент тарабынан улантылат. Анткени күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Кыргызстанда  туруктуулук жана коопсуздук болушу үчүн ошол туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылгандар күчтүү болушу керек.  2010-жылдагы  трагедия учурунда  армия менен милициянын жоктугунун кесепетин көргөнбүз”, -деди Президент.

Мамлекет башчысы  акыркы алты жылда Кыргызстан өнүгүүдөгү  өз жолун тапкандыгын белгиледи. “ Алты жыл мурда  Кыргызстан талкаланып жок болот дешкен. Андай болгон жок. Азыр өлкө чыңдалып, күн санап гүлдөп баратат.  Биз бул жолдон тайбашыбыз керек”, -деди Президент.

Алмазбек Атамбаев жарандарды биримдикти жана ынтымакты сактоого чакырды. “Кыргызстандын жарандарынын арасында  улуттарга бөлүүгө жол берилбеши керек. Көп улуттуу кыргыз эли – бирдиктүү эл. Биздин күчүбүз биримдикте”, -деди ал.

Мамлекет башчысы сөзүн аяктап, үйлөрдүн короосунда балдар үчүн аянтча курууга 300 000 сомдук сертификат тапшырып, жаңы батирлерди кыдырып көрүп чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: