Menu

КТРКга олтургусу келген Капаровадан көбү качты

Бөлүшүү:

Коомдук каналдын “Ала-Тоо 24” жаңылыктар каналынын элүүдөй кызматкери иш таштады. Анткени, аларга телеканалга жаңы жетекчи болуп келген Чынар Капарованын келгени жаккан эмес. Мындан улам алар Координациялык кеңешке, азыркы бийликке келген адамдарга кайрылуу жолдоду.

“Өздөрүн элдин атынан келдик деген адамдардын тобу башаламандык уюштуруп, продюсерди мыйзамсыз кызмат ордунан кетирип, шайлоого аттанган “Бир бол” партиясынын өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик стратегиялык объект болгон “Ала-Тоо 24” каналын басып алууга аракет кылышты. Координациялык кеңеш мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп алууну мыйзамсыз деп атады. Координациялык кеңеш эч кимди, эч жакка басып алууга жибербегендигин айтты. Бирок өздөрүн элдин атынан келдик деп тааныштырган 20 чакты адам бир телеканалдын тагдырын чечүүдө. Кечээги митинг кресло талаш үчүн болду беле?! Башаламандыкка ким жооп берет?! Мыйзам кайда калды?!”,- деп жазышкан “Ала-Тоо 24” жаңылыктар каналынын журналисттери.

Булак:”Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: