2016-жылдын 27-сентябрь күнү Ысык-Ата РИИБге Новопокровка айылынын Б.У. аттуу 58 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, үйүнөн «Самсунг Галакси» үлгүсүндөгү эки уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Жабырлануучуларга келтирген чыгымдын жалпы суммасы 40 000 сомду түзгөн. Бул туурасында Чүй ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 33 жаштагы Б.У. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ