Menu

Акылбек Жамангулов, ЖК депутаты: Кыргыз бийлиги Москвада кырсыктаган мигрант мекендешибиз боюнча тергөөнүн калыс болушун көзөмөлдөшү зарыл!

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов Москвада тротуарга чыгып, жөө жүргөндөрдү сүзүп кеткен мигрант мекендешибиз боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди:

Миңдеген мекендештерибиз мигрант болуп чет өлкөдө иштеп жүрөт, алар жыргаганынан өз өлкөсүнөн кеткен жок! Биздин мамлекетте жумуш орундары жоктугуна байланыштуу башка жакта, бөтөн элде, бөтөн жерде иштеп жүрүшөт.

Москвада тротуарга чыгып элди сүзүп кеткен мекендешибизди бир беткей карай берген болбойт, ал адамдын артынан башка мекендештерибиз жабыр тартбашы керек, окуянын чоо-жайын толугу менен билип, биздин бийлик өкүлдөрү тергөөнүн калыс болушун көзөмөлдөшү зарыл! Ал таксист мекендешибиздин ордунда ар бирибиздин тууганыбыз же өзүбүз болсок кандай болмок?

Албетте дүйнөлүк деңгээлде өтүп жаткан иш чара маалында, сырттан келген коноктордун жабыр тарканы өкүнүчтүү, ал эми ошол окуяга биздин мекендешибиз күнөөкөр болгону дагы өкүндүрөт.

Кантсе да, биз кечегидей таксист болуп күнү-түнү иштеп, өз окатын кылып, үй-бүлөөсүн багып биздин өлкөгө акча жиберип жакындарын багып жаткан мекендешибизден эмес, ТЭЦтен миллиондогон долларларды жеп койгон, ат тишти (кычкач) 600 долларга алган чиновниктерден уялышыбыз керек!

Мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз мамлекетке Кумтөр ишканасынан көп каражат которот! Биз алардын укуктарын коргошубуз керек!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: