Индияда радикалдардын бири «Падмавати» (Padmavati) деп аталган тасмасы үчүн Индия кино жылдызы Дипика Падукон менен болливуд режиссеру Санжай Лил Бхансалды майып кылып же өлтүргөн адамга 100 миллион рупий (130.000 евро) убадалады. Италиянын La Repubblica гезити индиялык ММКларга шилтеме кылып, коркутуулар жана нааразылыктардан улам Viacom18 Motion Pictures кинокомпаниясы тасманы экранга чыгарууну белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур болгонун жазды. Фильмдин премьерасы 1-декабрга белгиленген болчу.
“Падмавати” тасмасы Делинин Алауддин Хилжи аттуу султаны Мехвар княждыгын курчап алганын баяндаган XVI кылымдагы эпикалык поэмага негизделген. Анда ал ханыша Падмавати аялы болууга макул болсо, эч кимге тийбей турганын айтат. Бирок падышанын жубайы Падмавати уят болгондон көрө деп өз жанын кыйган. La Repubblica белгилегендей, индиялык радикалдар мында падышанын жубайы жаман адам катары көрсөтүлгөн деп эсептешүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ